Предыдущая публикация
Тогуз-ТороRUSI RUSI

Тогуз-Торо

7 фев 2018предложил 
RUSI RUSI

Ырчы, Айгүл ДАНИЛБЕК кызы: «Тогуз-Торонун 9 кызы» деген топ ачылды»

Ырчы, Айгүл ДАНИЛБЕК кызы: «Тогуз-Торонун 9 кызы» деген топ ачылды» - 865280320528
– Айгүл, алгач чоң сахнага чыкканда канча жашта элең? – 5 жашта болчумун. Районубузда 9-май Жеңиш күнүнө карата эстрадалык конкурс өткөн. Ошол иш-чарага катышып, “Кызыл гүл” деген ыр менен чыккам. Сахна, микрофон, күйөрман деген сөздөр мага 5 жашыман бери тааныш. – Демек, бала-бакчадагы, кийин мектептеги концерттер сенсиз өтчү эмес экен да? – Туура айтасыз, окууну бүткүчө маданий иш-чараларды алып барып жана ырдап жүрдүм. Кай жерде кандай концерт өтпөсүн Айгүл ошол жерде жүрчү. Үйдөгүлөр да ошондой убактарда мени үй жумуштарынан бошотуп, даярдыктарыма абдан көңүл бурушчу. – Окууну бүткөндөн кийинчи? – 11-классты бүтүрүп эл катары Бишке-ке келдим. 2009-жылы Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияга тапшырып, 2014-жылы ийгиликтүү аяктадым. Ал жакта да алып баруучулук милдетти эч кимге берген жокмун. Айтор өзүмдү ырчылык жактан да, алып баруучулук жактан да сынап, тажрыйба топтоп жүрөм. – Акыркы катышкан ири иш-чарала-рың тууралуу айта кетсең? – Былтыр жазда Талас облусунун Кара-Буура районун жигиттери менен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун кыздарынын Сармердени болгон. Негизи көпчүлүк учурда жигиттер тобу утуп, же достук жеңди болчу эле го. Жыйынты-гында, биз Тогуз-Торонун кыздары жеңип ал-дык. Ошол курам жеңиштин күүсү менен барып Казарманга чоң концерт берип келдик. Күзүндө Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда “Тогуз-Торо торгойлору” аттуу концерт болду. Ага да катыштым, ырдадым. Андан сырткары, жакын-да эле “Тогуз-Торонун 9 кызы” деген топ ачылды. Аталган концертте дагы биз атайын формаларды тиктирип, даярданып чогуу ырдап чыктык. – Жакшы экен, эми топтун келечеги кандай болор экен? – Топтогу 9 кыздын эң жашы мен. Негиздөөчүбүз Созул апа (мурдагы Маданият жана маалымат министри Алтынбек Максүтовдун апасы) топтун тизгинин мага тапшырды. Буюрса, колумдан келгенин жасайм деп турам. – Өзүндүн жеке ырларың барбы? – Болот Шаршеналиев (Сүймөнкул Чокморовдун инилери болот) агайымдын “Түшүн”, Урманбек Асановдун “Жаштык ыры” деген чыгармасын ырдап жүрөм. Ошондой эле элдик ырларды аткарам. Кудай буюрса, алдыңкы күндөрү дагы жаңы ырларды жаздырсам деген тилегим, үмүтүм бар. Ал эми тойлордо эл сураган ырларды жандуу үн менен комуздун коштоосунда аткарып берем. – Комуз да чертет турбайсыңбы? – Комуз черткенди 6 – классымда үйрөнгөм. Айылдагы музыкалык мектепке, комуз кружогуна барчумун. Мага биринчи жолу комуздан Адамкулова Айымсулуу деген эжекем сабак берген. Кийин Исаева Гүлжамал эжекемден үйрөндүм. Ал эми улуттук консерваторияга келгенде комуз боюнча билимимди Нурзат Орозалиевадан толуктадым. – Алдыда кандай максаттарың бар? – Максатсыз адам жок болсо керек. Анын сыңарындай менин дагы оюмда, көңүлүмдө баккан ойлорум, тилектерим көп. Эгер чыгармачылык жаатында айта турган болсом, жан-талашып бир ыр жаздыра коюп, элге таанылып, же тойго чакыруу топтоюн дегенден алысмын. Акындар менен иштешким келет. Ырдаган ырларымдын сөздөрүнө абдан маани берем. – Талант, шык, аракет. Сенде булардын кайсынысы көбүрөк бар деп ойлойсуң? – Негизи эле айтып коюшат го. 10 пайыз талант, 90 пайыз аракет болуш керек деп. Ошол сыяктуу талант 10 эле пайыз болсо керек. Шык, жөндөм бар, аракетим да бийик. Болгону азыр шоу-бизнесте бардыгы акча-каражатына келип такалат экен. – Спорт менен машыгасыңбы? – Машыгууга туура келет. Анткени, жумуштун талабы боюнча чуркайм.

Комментарии 3

Фарида Дуйшоналиевна
Фарида Дуйшоналиевна
Айгул ойлогон ой максатына жетип,тилегенин орундалсын! Ийгилик бактылуу бол!👍👍👍
8 фев 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Munara Bekturganova√
    Munara Bekturganova√
    @
    .× ,,,
    +₩+
    9 фев 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    А ТТ
    А ТТ
    Чындыкты гөрдөн издеген карапайым эл\Эл билсин
    30:20
    Чындыкты гөрдөн издеген карапайым эл\Эл билсин
    8 просмотров
    7 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Тогуз-Торо

    Тогуз-Торо

    ЛентаТемы 111Фото 131Видео 32Участники 849
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 111
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться