Предыдущая публикация
БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

7 окт 2019
ЭНЕРГЕТИКАЛЫК СУУСУНДУКТАР АДАМДЫ АКЫРЫНДАП ӨЛТҮРҮҮЧҮ КУРАЛБЫ? - 886493275406

ЭНЕРГЕТИКАЛЫК СУУСУНДУКТАР АДАМДЫ АКЫРЫНДАП ӨЛТҮРҮҮЧҮ КУРАЛБЫ?

Flash up, Нитро, Редбуль ж.б энергетикалык суусундуктар тууралуу айта турган болсок, азыркы күнгө чейин шариатта энергетикалык суусундуктар боюнча бирдиктүү өкүм чыга элек. Эч бир аалым чечкиндүү түрдө арам деп да, адал деп да айтышкан эмес. Жалпысынан алганда, бул суусундуктар эки түргө бөлүнөт, алкоголдуу жана алкоголсуз болуп. Алкоголь кошулганы арам, ал эми алкоголь кошулбаганы туурасында бирдиктүү өкүм жок. Бирок, ден-соолукка зыяндуу болгону үчүн ал ичимдиктерге арам өкүмү берилиши керек эле. Флеш, Горилла, Нитро сыяктуу энергетиктердин артындагы "адал" деген жазууга да жаштар алданып калып жатышат. Ошол эле учурда энергетикалык суусундуктардын ден-соолукка зыяндуу экендигин көп медиктер айтып келишет. Мисалы, жүрөк ооруларына себеп болот, кан басымын жогорулатат, бөйрөктүн ашыкча иштешине себеп болот, ошондой эле боор циррозунун пайда кылат, анан эң негизгиси эркектерди жыныстык жактан алсыздыкка (импотенцияга), ал эми аялдарды болсо тукумсуздукка алып келет деп айтышкан. Мындан башка да толгон-токой ооруларга себеп болот деп айтышкан. Ушул жагынан алганда энергетикалык суусундуктарда эч кандай пайда жок. Сыртына витаминдер, пайдалуу заттар камтылган деп жазылганы менен адамдын ден-соолугуна бара-бара кескин зыян тийгизет. Ошондуктан бул суусундуктан алыс болгунуңар эң туура болот. А эгерде алкоголсузун ичсенер, анда арамды ичтиңер деп айталбайбыз, бирок келечекте ичкениңердин зыянын тартышыңар мүмкүн. Мусулман адам ден-соолугуна жаштайынан кам көрүшү милдет. Жашында саламаттыгына кайдыгер караган адам карыганда ошонун кесепетин тартат.
Венера Асанбекова,
Республикалык наркология борборунун врач психиатр-наркологу:
– Энергетикалык суусундуктар, анын ичинде “Ягуар” адамга эч кандай энергия бербейт. Тескерисинче, адамдын запастагы энергиясын алдын ала иштетип, адам энергиясы жок калат. Суусундук менен организмге кирген алкоголь адамдын организмин уулай баштайт. Дене алкоголго көнөт. Анан баштапкы дозага ыраазы болбой, ээсинен улам чоңураак доза талап кыла баштайт. Ошентип, өспүрүм бала же кыз ичкиликке аздан берилип баратканын билбей калат. Ошондуктан аз алкоголу бар суусундуктар “жай өлүм” деп аталат. Бара-бара адамдын эс-тутуму, кабыл алуу, ойлоо жөндөмдүүлүгү начарлайт. Түркүн оорулар келип чыгат. Ичпей калган учурда энергия жана алкоголдун дозасы жок организм депрессияга, стресске учурайт. Мындай учурда адам уруш-талашка, кылмышка жакын болуп, өз өмүрүнө кол салганга чейин барат. Түнкү клубдарга, дискотекаларга баргандан кийин уруш-мушташтар да ушул себептерден болуп жатат.
1 мисал келтирейин. Акмат деген студент жигит алкоголу аз энергетикалык суусундукту ичип, анан алымсынбай дамамат сыра ичкенге өтүп кеткен. Сыраны таштай албай, азыр бизден дарылануудан өтүп жатат.
“ТУКУМСУЗДУККА ЖЕТКИРЕТ”
Акылбек Усупбаев,
Республикалык урология илимий борборунун директору,
медицина илимдеринин доктору, профессор,
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы урологу:
– Энергетикалык суусундуктарды адам канчалык көп ичсе, анын курамындагы алкоголго жана айрым заттарга (мисалы, кофеин) адамдын организми көнүп калат. Мындан тышкары курамын­дагы башка заттар (билишимче, боёк­тор, жыт жана даам берүүчүлөр жана башкалар) организм үчүн зыяндуу. Ичүү адатка айланса, жүрүп отуруп эркектерди жыныстык жактан алсыздыкка (шалдыкка), ал тургай аялдарды да, эркектерди да тукумсуздукка алып келет. Мындан башка да түрдүү ооруларды жаратат.
“АЛКОГОЛДУК ЦИРРОЗДУ ЖАРАТАТ”
Болот Турусбеков,
Улуттук госпиталдагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын
ооруканасынын терапия бөлүмүнүн башчысы, адистиги боюнча терапевт-гастроэнтролог:
– Курамында алкоголу бар 0,5 литр энергетикалык суусундукта 7 пайыз алкоголь бар болсо, менимче, бул деген 25 грамм арак. Кээ бир жаштар 5-6 бөтөлкөгө чейин ичишет экен. Ошентип, билинбегени менен организмге алкоголь ашыкча барып жатат.
Алкоголдон ички органдарга кандай зыян келет? Алкоголь боордун клеткаларын сезгентип, акырындап ал клеткаларды өлтүрөт (некроз). Кээ бир клеткалар өлбөсө да дистрофияга (клетканын азыктануусунун бузулуусу) учурап, мунун айынан алкоголдук гепатит жаралат. Эгер адам дарыланбай, жаман адатын таштабай жүрө берсе, боордун алкоголдук циррозу, ашказандын жарасы, гастрит оорулары пайда болот. Булар ракты чакыра турган оорулар болуп эсептелет.
“ЖҮРӨКТҮН ЧОҢОЮП КЕТИШИН ШАРТТАЙТ”
Абдимиталип Халматов,
М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы
Кеңеш берүү жана дартты аныктоо эмканасынын башкы дарыгери,
Cаламаттыкты сактоонун отличниги, кардиолог:
– Энергетикалык суусундуктарды көп ичсе, кан басым көтөрүлөт, жүрөк бат-бат кагат. Ичүүнү адатка айлантса, жүрөктүн функциясы бузулат. Тахикардия (жүрөктүн кагуу ыргагы бузулуп, бат-бат кагышы) келип чыгат. Бул акырындап жүрөктүн чоңоюп кетишине алып келет. Кийин муну дарылап-айыктыруу өтө кыйын.
“ИЧКИЛИККЕ БЕРИЛИП КЕТҮҮГӨ СЕБЕПКЕР”
Талип Адиев,
Улуттук урология борборундагы эндовидеохирургия бөлүмүнүн жетекчиси:
– Курамында алкоголу бар энергетикалык суусундукту канчалык көп ичсе, организмге ошончолук уу кирет. Уулардан улам бөйрөктүн иштөөсү бузулуп, нефропатия (бөйрөк оорулары) келип чыгат. Уулар жана курамындагы боёк сыяктуу заттар нефросклерозго (бөйрөктүн ткандарынын катып калышы), бара-бара ткандардын өлүшүнө алып келет.
Адамдардын организминде “алкогольдегидраза” аттуу фермент бар. Мунун кызматы – организмге кирген ууларды нейтралдаштыруу. Бирок бул фермент монголоид расасындагы адамдарда өтө аз. Ошондуктан монголоид расасындагылар ичимдик ичкенде тез мас болушат, ичкиликке да бат берилип кетишет. Эгер адам алкоголду аздан болсо да кабыл ала берсе, анда алкоголь жанагы ферментти жок кылат. Демек, дене ууларды нейтралдаштыруучу жардамчысыз калат да, уулана берет. Жыйынтыгы бөйрөктүн иштен чыгышы менен аяктайт.

ЭНЕРГЕТИКАЛЫК СУУСУНДУКТАР АДАМДЫ АКЫРЫНДАП ӨЛТҮРҮҮЧҮ КУРАЛБЫ? - 886493275662

Комментарии 16

мадина шабданова замужем
мадина шабданова замужем
❤️
7 окт 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Салима Сталбекова (ЗАмужем)
    Салима Сталбекова (ЗАмужем)
    Аллахтын адамдарга деп жараткан жер жемиштердин зыяны жок,ал эми адамдардын оюнан чыгарылгандардын баардыгы адамга зыян
    8 окт 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Ииии Ннннн
    Ар бир секундубузда Аллахка муктажбыз да...суу ичкенде даже,..
    8 окт 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    М М
    М М
    👍👍👍
    9 окт 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Ж Сапаралиевна
    Ж Сапаралиевна
    Саламатсыздарбы
    10 окт 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Ж Сапаралиевна
    Ж Сапаралиевна
    Биздин жаш оспурумдорго керекттуу маалыматарды тезден берип турсаныздар пайдалуу кенештериниздерди
    10 окт 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Акунов Б
    Акунов Б
    😎
    10 окт 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Muras Bakirov
    Muras Bakirov
    Халал сертификат алганга ким руксат берет flash энергетик ичимдигине
    11 окт 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Адилет Сыдыков
    Адилет Сыдыков
    ответил Muras
    Россиянын Муфтийлиги берип коюптур да. Биздин Кыргызстандан берилген эмес аларга!
    11 окт 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Muras Bakirov
    Muras Bakirov
    ответил Адилету
    Ошону айтамда
    11 окт 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Сабыр Темирбаев
    Сабыр Темирбаев
    ❤️
    11 окт 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айтбаева Мубарак
    Айтбаева Мубарак
    🎁
    14 окт 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    эмир суйналиев
    эмир суйналиев
    Саттырбаш керек
    15 окт 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Керемет Нуракова
    Керемет Нуракова
    😳
    2 ноя 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айсулуу Жусубалиева
    Айсулуу Жусубалиева
    9 ноя 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    ЛентаТемы 16 385Фото 7 415Видео 2 327Участники 196 100
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 16 385
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться