Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Мухаммед Төрөбеков ушул күнгө чейин айыл чарба тармагында 15 жылдан ашуун эмгектенип, такшалган профессионалдуу жаш кесипчи катары келет. Эң негизгиси, Мухаммед Төрөбековдун айыл-чарбасынынын башкаруу системасында ар-бир тепкичтерин басып, чоң тажрыйбаларды алды. Азыркы учурда айыл-чарба жана мелиорация минстрлигине айыл-чарбаны гана түшүнгөн инсан эмес, айыл-чарбада башкаруу системасын жана структурасын жогорку деңгээлде түшүнгөн министр керек.
Сунуш каттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүно жана Жогорку Кенештин тийиштүү комитетине жөнөтүлдү.
------------------------
ТӨРӨБЕКОВ МУХАММЕД АЯЗБЕКОВИЧ
1977-жылдын 18-январында Талас облусунун, Талас районунун, Кум-Арык айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү.
БИЛИМИ:
Жогорку, 1998-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл-чарба институтут аяктаган, кесиби агроном;
2009-жылы Японияда «Борбо Азиядагы фермердик уюмдардын ролун жогорулатуу» боюнча бир айлык курста окуп келген
ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ:
- 1999-2006 – Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы (жерге жайгаштыруу адиси, топограф);
- 2006-2008 – Талас аймактык айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгы (жаратышты коргоо инспектору, инспектордук көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн ага адиси);
- 2008-2011 – Талас облустук мамлекеттик администрациясы, агроөнөржайды өнүктүрүү жана жаратылышты коргоо бөлүмү (жетектөөчү адис);
- 2011-2013 – «Компаньон финансылык тобу» ЖАКсы, айыл чарбасы боюнча кенешчи;
- 2013-2014 – ЮСАИДтин «Талас кыргыз буурчагы» долбоорунун кенешчиси;
- 2014-2015 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарып укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын айыл чарба сектору (ага адис);
- 2015-2018 – Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору, Дүйнөлүк банктын «Коомдук үрөн фонддорун колдоо» долбоору, окутуу боюнча адис;
- Дүйнөлүк банктын «Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана тамак ашты жакшыртуу» долбоорунун азык-түлүк коопсуздугу боюнча эксперти.
ҮЙ-БҮЛӨЛҮК АБАЛЫ:
Үй-бүлөлү, эки кыздын атасы
------------------------
Кыргыз Республикасынын Айыл чараба, тамак-аш өнөр жайы министринин ордуна «ОРДО» саясий партиясынан талапкери ТӨРӨБЕКОВ МУХАММЕД АЯЗБЕКОВИЧТИН ПРОГРАММАСЫ^
Кыргыз Республикасынын калкынын 60%нан жогорусу айыл жеринде жашайт. Кыргыз Республикасы ар кандай денгээлде агрардык республика катары көрсөтүлөт, бирок бүгүнкү күнү бул андай эмес. Бүгүнкү күндөн калбай айыл чарбасын өнүктүрүүгө киришпесек болбойт, айыл чарба тармагын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу зарыл, айыл чарбасын өүктүрүүдө эң башкысы фермерлердин, дыйкандардын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюу зарыл. Айыл чарба продукциясын өндүрүүнү кирешелүү тармака жеткирүү зарыл. Ан үчүн төмөндөгү иш-чараларды аткаруу керек:
- Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү алкагында иштерди интегралдажтыруу жана кооперативдештирүү жаңы ыкмаларды колдонуу, өнүктүрүү жана кызматташууга түрткү берүү.
- Айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготууларынын төмөндөтүү үчүн жаңы технологияларды колдонуу, сактоо жана ташуу ыкмаларын өнүктүрүү, айыл чарба азыктарын терең жана татаал кайра иштетүү ыкмаларын өнүктүрүү;
- Азык-түлүк коопсуздугу боюнча талаптарды эске алуу менен, айыл чарбасын өнүктүрүүгө новатордук моделдин максаттарына жетүү үчүн кадрларды даярдоо жана квалификациялык жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүү системаларынын жакшыртуу;
- Натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айыл чарба азыктары үчүн рыногун жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү жана айыл чарба жана материалдык-техникалык ресурстар базарларында баа бурмалоолорду жоюу менен айыл чарба рыногун жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү;
- Өндүрүүчүлөрдү каржылык туруктуулукка жана төлөө үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө маани менен натыйжалуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү.
ТЫШКЫ САЯСАТ ЖААТЫНДА ТӨМӨНКҮ ИШ-ЧАРАЛАРДЫ КАМСЫЗ КЫЛУУ ЗАРЫЛ:
- Айыл чарба тамак-аш азыктарынын чийки заттарын экспортоо жана импортоодогу катышын сарамжалдаштыру үчүн бажы төлөмдөрүн ыкчам жөнгө салуу чараларын көрүү;
- Айыл чарба азыктарын импорттук көлөмү жогорулап жаткан кезде жана чет өлкөлөрдүн өздүк айыл чарба азыктарын экспортоо убагында колдонулуп жаткан субсидияларына карата коргоо чараларын активдүү пайдалануу;
- Эл аралык стандарттарга жараша жана жөндөмү ылайык саламаттык сактоо системасынын чарба жана кайра иштетүү контролдоону натыйжалуу пайдалануу;
- Евразиялык экономикалык союздун алкагында мүчө мамлекеттери арасында жалпы бир азык-түлүк рыногун жана бирдиктүү товар өткөрүүчү тармагын түзүү.
АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮ ЖАНА АЗЫК-ТҮЛҮК АЗЫКТАРЫН ЖҮГҮРТҮҮНҮН ЧӨЙРӨСҮНДӨ ТӨМӨНКҮ ИШ-ЧАРАЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ КЕРЕК:
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги өлкөнүн айыл чарбасынын саясатын жүргүзүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, буга тиешеси бар ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү зарыл;
- Тармактар аралык экономикалык мамилелерди оптималдаштыруу, бул иш-чара кеңейтилген кайталап өндүрүүнүн өсүү темптерине түрткү, инвестицияларды тартуу жана айыл чарбасына инновацияларды киргизүү болмок;
- Узак мөөнөттүү, кыска мөөнөттүү жана инвестициялык кредиттердин баардык айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында кредиттөөнү колдоо системасын өркүндөтүү;
- Айыл чарбасында, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жай тармагында эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана ресурстарды үнөмдөө үчүн жаңы технологияларды өздөштүрүү, техникалык модернизациялоо максатында программаларды иштеп чыгып ишке ашыруу;
- Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясына камсыз кылуучу суроо-талапты кеңейтүү үчүн мамлекеттин соода сатык саясатын кайра иштеп чыгуу, мамлекеттик керектөөлөргө сатып алууларды киргизүү менен.
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги айыл чарба азыктарын өндүрүүчү жана керектөөчүнүн ортосундагы ортомчу болууга тийиш.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 33