Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

3 фев

КҮНӨӨЛӨРҮ КЕЧИРИЛГЕН АДАМ

жайдын ысык аптабында, учу-кыйры көрүнбөгөн чөлдү кезип, алыстагы үйүнө бара жатты. Чөлдүн ысык куму, күндүн алоолонгон оту ушунчалык денесин алсыратып жиберди. Же бир жорткон жел жок, же ичейин десе суу жок, абдан суусап, ысыктан катуу кыйналат. Бир аз эс алуу үчүн кум үстүнө олтурган кезде, анча алыс эмес жерде куштардын тегеренип учуп жүргөнүн көрүп калат да;
жерде суу болчу эле. Жакын жерде суу бар окшойт. Неси болсо да, ошол тарапка барып көрөйүнчү - деп болгон күчүн жыйнап, куштар көрүнгөн тарапка бет алат. Ошентип бара жатып, өзү ойлогондой эле суусу бар кудукка туш болуп, абдан сүйүнөт. Бирок тилекке каршы кудук өтө терең, суусу да аз эле экен. Рашид кудуктан суу алуу үчүн идиш таппайт. Акыры айласы кетип, кудукка түшүп суу ичип чыгууну ойлойт. Өз оюн туура көрүп, Аллахка тобокел кылып, кудукка этияттык менен түшө баштайт. Ошентип отуруп кудуктун түбүнө да жетет. Чөк түшүп отуруп, колдору менен суудан сузуп, суусуну канганча ичти, чөлдүн ысыгынан соолуган денесине да суу жеткирип, жүзүн жууду да, денеси сергип, ырахаттанып отура кетти. Чөлдүн аптабынан куткарган Аллага шүгүр кылды. Бир аз эс алган соң, кудуктан чыкты да, аянычтуу окуяга туш болду. Абдан суусап, ысыктан тери шорголоп аккан, арык бир иттин кудуктун четиндеги нымдалышкан кумдарды жанталаша тили менен жалап жатканын көрдү да, өзүнө-өзү мындай деди:
ысыктан кандай кыйналып, суусаган болсом, чынында бул ит да мага окшоп суусап, чаңкаган экен. Алла адамдарды айбандардан айрымалап акыл, күч берген. Мен акылым, күчүм менен кудукка түшүп, суусунумду кандырып, денемди сергитип алдым. А бул ит кантип чаңкаганын басат болду экен. Мендей болуп кудукка түшүп чыга албайт. Эмне кылсам? Итти ушул бойдон таштап кетип калсам, суусагандыктан өлүп калышы мүмкүн. Кой, андан көрө кудукка түшүп, суу алып чыгып берейин.
кайрадан кудукка түштү. Бут кийимин чечип, ага суу толтурду. Андан соң аны оозуна тиштеп алып, эптеп кудуктан чыгып, сууну итке берди. Ит куйругун шыйпаңдатып, тилдерин салаңдатып, сууну ичип жатты. Иттин чаңкоосу басылганын көргөн Рашид өзүнүн жасаган ишине абдан сүйүндү. Ал эми бардык нерсени Көрүүчү Аллах Рашиддин бул ишине ыраазы болуп, анын бардык күнөөлөрүн кечирди.К

КҮНӨӨЛӨРҮ КЕЧИРИЛГЕН АДАМ
 - 5392897729877

Комментарии 6

👰 KGZ🔐
👰 KGZ🔐
Жалаң С тамгасынан го😃
5 фев
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ЧЁРНЫЕ ГЛАЗА💝💝 🌹❤️
    ЧЁРНЫЕ ГЛАЗА💝💝 🌹❤️
    😍😍😍👍👍👍
    Ким жазсада соонун жазыптыр
    5 фев
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айым Акбарова
    6 фев
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Койсун Алгожоева
    Койсун Алгожоева
    Жакшы экен мааниси ото чон экен
    7 фев
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Sara Musina
    Sara Musina
    Өзөктөн чыккан өрт жаман.
    Өзүңдөн чыккан жат жаман.
    Доомат кылып алдыңда.
    Догурунган дос жаман.
    Жакшылыгың айтпаган
    Жамандаган жар жаман.
    Айтканыңды укпаган.
    Акылы жок, жаш жаман.
    Капалыгың сезбеген.
    Кадырыңа жетпеген.
    Кезектеги каар заман ...
    14 фев
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Sara Musina
    Sara Musina
    Сурап койбой алыңды.
    Сугун арткан куу жаман.
    Тууганым деп суйөнсөң.
    Тоготпогон түс жаман.
    Баары жакшы деп жүрсөң.
    Байкалбаган кек жаман.
    Кел,кел жакшы кет жаман.
    Тууганыңдын ичинде.
    Болот тура ,беш каман.
    25 фев
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 28 085Фото 23 256Видео 1 633Участники 40 880
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 28 085
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться