Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

9 июн 2025

ӨЗӨК ӨРТТӨГӨН ӨКҮНҮЧ

5-БӨЛҮМ
Ошондон кийин Токтобай үйлөнгөн жок. Бирок Сейдим менен мамиле кыла коюп жүрдү, ал өзү келчү, сүйлөшүп жумушка шылтоолоп келет, анын үстүнө анын үйү ээн убакта келет, экөө анда-мында тамашалашып калып жүрүп экөөнүн мамилеси төшөккө жеткирди. Токтобай ага үйлөнүүнү каалаган жок. Кээ-кээде Сейдим бөтөлкө көтөрө келет, экөө аздап ичип алат. Кийин Токтобай ичкенин көбөйтүп баратканда Ысмайыл аны катуу тилдеп кетти:
- Эгер эми ичкениңди уксам эшигиңди аттабайм, жаман киши күйүткө жеңил болот, кайраты жок айбан, кызың чоңоюп калганда адам катарынан чыгып каласың го.
- Экинчи ичпейм, тага. Көп деле ичпейм, кээде эле ичкеним болбосо.
- Ошо аздап ичкенден башталат, арак деген мен дегендерди жолдон чыгарган, кантип сени башкарып алганын билбей каласың! - Каалгасынын карс деп жабылганынан билди тагасы чыгып кеткенин, жер карап отурган эле: "Кой мен ичкич болуп кетпейин, кызым чоңойду, уят кылбайын" деп отура берди селейип. Андан кийин үйдөн чыкпай кароолго барып келет да үйүндө, Сейдим да балдары бойго жеткенге келбей калды, уялса керек. Ошол бойдон Зуура чоңоюп бойго жеткенче жакшы жүрдү. Күйөө баласы Жайлоо аны өз колуна алып алды. Кызы Зуура менен күйөө баласы Жайлоо балалуу болгондон кийин ооруп оо дүйнө салып, Зууранын колунан чыкты…
Зуура чоочуп кетти, көз ирмемчелик убакытта ойлонуп өз тагдырынын ушунчалык өтө татаал болуп жаралганына кейип сырткы эшиги такылдап жатыптыр. Тургусу келбеди, Жийдегүлдүн айткандарын эстеди: "Кызым, апаң абыдан жакшы аял эле, байкуш Токтобайды сыйлап турчу, үн-сөзү жок, аялдан башкача жан болчу. Кадырбү деле жакшы эле, бирок ал бир гана жеринен жаңылып алды, аял аягынан аксаса оңолушу кыйын" дегени кулагына жаңыргандай болду. Эшик көпкө чейин такылдап анан тынчыды: "Кагылайыным десе, жалгызым аман келсе, атам менин" деп жылмайып уулунун элеси көз алдына тартыла түштү. Ойлонуп жатып Кадырбүнүн бала кезиндеги берген шакеги эсине түшө калып качантан бери каралбай сырткы бөлмөдө турган атасынын кара сандыгын оодарып көрүүнү чечти. Ал сандыкты эч ким карачудай болгон жок. Анда өзүнүн апасынын кийген көйнөктөрү, эски-уску буюмдар турчу, ыргытууга дити барбай ошол бойдон кээде алып көрүп кайра салчу. Бирок балалыгы го, шакектер эсинен чыгып кетиптир. Ордунан туруп жарыкты күйгүздү да оозгу бөлмөгө чыгып сандыкты ачып кирди. Эң түбүндө оролгон түйүнчөк ордунда экен, Токтобай жоош, момун адам эле, карап деле койбоптур: "Эми эскирди го, кырк беш жыл сакталган буюмдарды эртең өрттөп койойунчу" , деп алып жатып дагы бир түйүнчөк таап алды. Ал ак сурптан экен, саргайып кетиптир, аны ары-бери карап туруп, үйгө кирип адегенде өз колу менен табыштаган Кадырбү апасынын түйүнчөгүн ачып карап көз алдына анын тагынып жүргөн кезин келтирип алды. Анткени анда алтын эмне экенин кайдан билсин, апасынын колдорундагы сары шакектерди суктана карап, бирок үндөчү эмес. Шакектер эч нерсе болбоптур, ошол эле бойдон. Колуна салып көрсө туура келди. Акырын алып коюп ороп койду. Анан өз апасынын түйүнчөгүн ачса күмүш билерик менен сөйкө бар экен. Алар менен кошо саргайып калган кагазды шашып ача койсо кат: "Токо, - деп башталыптыр, - Мен кудайдан тилек кылдым. Ушуну аман төрөсөм өзүмдү ал деп жалындым, кокус көзүм өтүп кетсе уулбу же кызбы, ушу менин салынып жүргөн буюмумду бер, кыз болсо өзү тагынаар, уул болсо үйлөнсө келиниме берээр, мен балдарым үчүн курман болууга даярмын, баланы жакшы кара, ата көптүн атасы деп коюшат эмеспи, кокус үйлөнүп калсаң кордото көрбө! Биз бири-бирибизди кандай сүйгөн элек, билесиңби, сен ушуларды мага сүйлөшүп жүргөнүңдө алты ай иштеп келем деп жоголуп кетип алып келгенсиң. Биздин сүйүүбүздүн күбөсү ушул, балабыздан балабызга өтсө кандай жакшы. Мен өмүрдөн өткөнүмө өкүнбөйм, менден бир гана учугубузду улар тукум калса болду… Азап чегесиң, кайгырасың, күйүттөн азып-арып кыйналаарыңды билип турам, анткени мени абдан катуу сүйчүсүң! Кош Токо, кош бол, кийи-ин кийин сен да бараарсың, ошондо жолуктурса жолугаарбыз. Аман бол, ушул катты кандай кыйынчылык менен жаздым. Сени, жарык дүйнөнү таштап башка дүйнөгө өтөөр кез аянычтуу экен… Кош аман бол, Токо! Сенин сүйүктүү жарың Уулжан" 1930-ж. Зуура катты окуп бүткүчө көзүнүн жашы эки бетин жууп атканын сезбеди, өз энеси кармаган буюмду колуна бекем кысып алып ыйлай берди. Бир топто эсине келди да: "Кой көп ыйлабайынчы, уулум аман келсе болду, ал келгиче буларды сатып үйдүн үстүн оңдотойун, алты ай ичинде үйдү жаптырып койсом ал келип сүйүнөт, анан үйлөнтөм. Баса, айылда кимдин кызы бар эле, жакшы кыз тапсам, келин алсам, ээ жараткан ушунуңа шүгүр, эрмегим эстээрим бар" деп түнү бою уктаган жок. Ойунда айылдагы кыздардын ар бирин көз алдынан өткөрүп атты. Бирок аны өксүткөн, кайгырткан, өмүр бою азап тартып уулунун жүзүн көрүүгө зар боло турган кабар келаткан эле…
Эртеси эрте туруп жуунуп алып нан жасап эки апасы менен атасынын арбагына куран окуду. Андан кийин күзгүгө келип апасы калтырган сөйкөнү тагынды, билерикти колуна салып алды да алтындарды дүкөнгө алып барды. Шакектери менен чынжырчаны көрсөттү эле аябай кызыкты.
- Аа-ий эже, булар илгерки алтындар экен, канчадан бересиз, бул жумуру шакекти алат элем.
- Ала кой, жакында уулум келет, ошого чейин үйдүн үстүн жаңылап койойун дедим эле, келсе үйлөнтөм да, - Зуура кудуңдай кубанычтуу сүйлөп жатты, - Атайын катып жүргөм.
- Абдан бекем аял экенсиз, ушунча байлыкты кантип катып жүрдүңүз?
- Уулум чоңойсун деп жүргөм, аскерден келгиче баарын даярдап койойун деп алып чыгып атпайынбы.
- Ырас эле эже, канчага бересиз? - Дүкөнчү ары-бери айландырып карап кызыгып жатты.
- Он миң рубльдан кем бербейм кызым, азыр акчанын саны бапыраганы менен сапаты жок болуп жатпайбы.
- Эгер арзаныраак берсеңиз алам.
- Ботом, үй жайымды оңдогонго жетпесе сатып эмне кылам, андан көрө катып жүрө берсем бир күнү баасына келээр… - Зуура арзан сураганга капа боло дүкөндөн чыга жөнөдү.
- Эже токтосоңуз, - Дүкөнчү кайра чакырып алды, - Таарынбаңыз эже, бирок бир аз түшүрсөңүз дароо алат элем…
- Өзүң айт, мен болоор жерин айттым.
- Тогуз берейин?
- Дагы кошо түш!
- Болуптур, тогуз жарым берейин.
- Ботом, азыр бир бөтөлкө арак үч жүз сом болуп атат, анын үстүнө илгерки нака алтын да бул…
- Тогуз жарым…
- Мейли, сүйлөштүк, - Зуура күлүмсүрөй колундагы жумуру шакектин баасына келгенине кудуңдап бере салды.
Дүкөнчү дароо акчасын санап колуна берди. Үйүнүн четинде дүкөн салынганы күнү-түнү ачык турчу, күйөөсү камаз айдайт. Таза алтынды көрүп кыя өткөн жок. Кудуңдаган Зуура андан келатып чоң дүкөнгө кирди, ал союз тараганы ачылбай калып колунда бар бирөө иштетип жаткан. Аерге келсе мугалимдер менен кошо айылдагы мыкчегерлердин аялдары отуруптур. Бирөөсүнүн туулган күнүн белгилеп жатышкан экен.
Зуура аларга акырын басып барып:
- Мен алтын сатып жүрөм, силерге керек эмеспи, кыздар? - деди сылык гана.
- Эмне деген алтын экен? - деди төр жагында отурган жоон аял оолгуй. Зуура аны сыртынан таанычу, жаңы фермер болгон Иса дегендин аялы эле.
- Алтындай эле алтын, таанып билгенге! - Зуура да өзүнө жараша жооп берип шакектерди көрсөттү.
- Эски алтындан экен, таза алтын тура?
- Ушулар жакшы, азыркы чыгып жаткан алтынга караганда булар таза!
- Канча деп атасыз? - Бирөөсү сурады Зуурадан көзүн албай.
- Кымбат го дейм?
- Бул он миң, бул экөө он эки миң, бул чынжырча жети миң, - Зуура колундагыларды ар кимисине карматып койду, алар кызыга кармап көрүп кайра беришти.
- Туура, булар кымбат, - деп бири отуруп калды.
- Токточу сиңдим, - деп кетип аткан Зуураны Исанын аялы токтотуп ордунан туруп келип колтуктай басканда ары жакта отурган бир келин:
- Алса ушул фермердин катыны алат, сүйлөшүп көрсөң бүт алышы мүмкүн! - деп калды.
- Сиңдим, экөөбүз сүйлөшөлү, айткан эле баага сата албайсың, эгер түшүп берсең үчөөнү алам, чынжырча менен эки көздүү шакекти.
- Берейин, баасы келишсе, буларды өз энем белекке калтырган экен, мен балам аскерден келгиче үйдү оңдотойун деп саткан атам, эже.
- Мен сени нааразы кылбайм, эртең ушул жерге кел, башкага сатпа, -деди.
- Макул эже, - Зуура ага күлө карап жөнөй бергенде:
- Үчөөнү отуз миңге бересиңби? - деди ал.
- Сүйлөштүк эже.
- Эртең ушул жерден күтөм, - деп ал калып калды.
Зууранын кулагындагы сөйкөнү көргөн келиндер:
- Сөйкөсү да абдан жакшынакай экен.
- Өзү бечара эле жашайт, буларды кайдан алды экен?
- Апасы өлөөрдө белекке таштаптыр, - деди.
- Ошондой… - дешип кала беришти.
Буларды уккан Зуура өзүнүн буюму өтөөрүнө кубанып: "Чынжыр өтпөсө койсун, өзүм тагынып алам" деп, анан ачка болгонун эми сезди. Көңүлү жай болгонго түнү менен уктабай чыкканга талыкшый чарчагандай үйүнө келатып: "Кырк миңге үйдү оңдотуп койсом уулум кубанып калсын" деген ой менен бат эле жетип келди. Аны коңшусу жолдон көрүп:
- Зуура, азандан кайда кеттиң эле, почточу таппай, катты мага таштап кетти, - деп колундагы катты кармата койду.
- Ырахмат эже, мен жумуштарым менен кеттим эле, садага кетейиним десе…
Зуура катты алып үйүнө кирбей эле ачып окуп кирди:
"Апа саламатсызбы, ден-соолуктарыңыз жакшыбы? Менде баары жайында, службам ойдогудай. Апа, мен сизге бир чоң жаңылык айтайын деп турам. Сиз үчүн оор, бирок айла жок… Мен быйыл барбай калдым, бул жакта дагы эки жыл иштей турган болдум. Көп кейибей күтүп, белиңизди бек бууп жашап туруңуз. Эки жылдан кийин бакыйган офицер болуп барып калам, бирок билбейм, жыйырма беш жылга кал дегенинен болбой атам. Убакыт апа, кол бошобойт, жакшы туруңуз, ойлонбоңуз, уулуңуз Темирбек. 1988-ж.".
Уландысы бар

ӨЗӨК ӨРТТӨГӨН ӨКҮНҮЧ  - 988891704149

Комментарии 1

Назарова Апизахан
Назарова Апизахан
9 июн 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 28 088Фото 23 260Видео 1 633Участники 40 887
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 28 088
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться