
Мен ысыкчанмын же суукчанмын» деген сөздөрдү көп уксаңыз керек. Сиз кайсы типке кошуласыз, билгиңиз келеби? Же ысыкчан, суукчандар кандай белгилерди, кандай ооруларды алып жүрөт?
ЫСЫК, СУУК ДЕГЕН ЭМНЕ?
Ысык, суук деген түшүнүк расмий медицинада жок. Эмнеге жок дегенибизде, илимде органдар, алардын функцияларына көп көңүл бурулуп, ага таасир берген нерсени унутта калтырышкан. Бирок ар бир улут байыртадан адамдын өзгөчөлүктөрүнө карата ооруларды айыктырып келген. Ысык, суукту кыргыздар тамак-аш менен дарыласа, кытайлар ийне менен, ал эми тибеттиктер чөп-чар менен теңдеп келишкен.
ЫСЫК, СУУК ЭМНЕНИН ТААСИРИНЕН ПАЙДА БОЛОТ?
Генден. Адамга ата-эненин генинен берилет. Ата-энеси ысыкчан же суукчан болсо, бала да ошондой болот. Көп учурда кыз бала эненикин, уул бала атаныкын алат. Гендик жактан организминде ысык же суук көбүрөөк болсо, тамакты да ошого жараша иче баштайт.
ЫСЫКЧАНДАР АЛЫП ЖҮРГӨН БЕЛГИЛЕР
Катуу, ишенимдүү чыккан үн.
Тез кыймылдоо
Сүйлөшкөндө колдору менен жаңсагылоо
Көздөгү нур
Күчтүү энергия
Өзүн ишенимдүү сезүү
Билектеги тамыр катуу урат
Алаканы, таманы дайыма ысып турат.
СУУКЧАНДАР АЛЫП ЖҮРГӨН БЕЛГИЛЕР
Акырын чыккан, ичке үн
Өзүнө ишенбеген жалтак тиктөө
Жай сүйлөө, жай кыймылдоо
Аз тамак ичүү
Энергиясы аз
Каректин бозомтук болушу
Депрессия абалында көп болуу
Тамыры алсыз кагат.
Ысык менен сууктун тең салмактуулугу бузулганда адамда оорунун белгилери пайда болот.
ЫСЫКЧАНДАР КӨП КАБЫЛЧУ ООРУЛАР
Ысыгы көп адамдардын энергиясы көп. Андыктан энергия кан тамырды кеңейтип жиберип, бир топ ооруларды пайда кылат.
Кан басым жогорулайт
Аллергия
Ич катуу
Ашказан
Муун оорулары
СУУКЧАНДАР КӨП КАБЫЛЧУ ООРУЛАР
Суугу ашынган адамдарда кан азайып, төмөнкү оорулар пайда болот.
Анемия
Рак
Ички органдардын (жатын, ашказан, бөйрөк) ылдый түшүп кетиши
Кан басымдын түшүп кетиши
Бөйрөк оорусу күчөйт
ИДЕАЛДУУ БАЛАНС КАНДАЙ?
Ысык менен суук тең салмакта сакталса, адамдын ден соолугу чың болуп, көп жашайт. Балансты сактоо үчүн төмөнкүлөр керек.
1. Адам жан дүйнөсүн гармонияга алып келиши зарыл. Стресс, депрессия балансты бузуп жиберет.
2. Ар бир адам өзүнүн организмин жакшы билиши шарт. Организмде суук көп болуп баратса ысык тамак жеп, ысык көбөйүп баратса суук тамак жеп туруу керек.
3. Тамактануу
Ысыкты пайда кылуучу тамактар: Жылкы, кой, эчки, үйдө багылган тооктун эти, жумуртка, кургатылган жер жемиштер, курма, жаңгак. Бул тамактарды суугу көбөйүп бараткан адамдар жеши керек.
Суукту пайда кылуучу тамактарга: Айран, жер жемиштердин баары, үркөр жылдызы чыга электеги бээнин сүтү. Ысыгы көп адамдар ушул суук тамактар менен тамактанганы жакшы.
Ортодогу тамактар: Мисалы, күрүчтү сууга, сүткө бышырса муздак тамак болот, эгерде койдун майы кошулуп бышырылса ысыкка өтүп кетет. Камыр эт бышкан шорпого салып бышырса ысык болот, сууга бышырса суукка айланат.Нан ортодогу тамак, ысыкка да, суукка да болот.
4. Чөп-чар менен ысык, суукту теңдөөгө болот (чөптү мыкты билген дарыгер менен кеңешүү керек).
5. Суук орун алган жерге ысыкты алып келүү үчүн чыгыш медицинасы боюнча ийне саюу менен дарылоого болот.
Ата-энеси ысык, суук болгонуна карап уул же кыз төрөлөт деген болбойт,«ысык, суук баланын жынысына таасир бербейт» .


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11