Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

24 апр 2024

Сыйды да көтөрө билели.

Жаңы келин болуп келгенимде кайнатамдын эжеси биз менен жашап калган.Ал киши 103 жашка чыгып каза болгон.,,Апче,, дейт элек.Ошол апчем айтып берген.
Илгери бир бай жол боюна кончу экен.Жол боюна конгонуна жараша оокат -аштуу, берекелүү адам болот.Ары өткөн,бери өткөндөр анын үйүнө тие өтүшөт,суусундук ичип,даам ооз тийип...Айрымдар жатар конок болуп кетишет.Байдын кыларга иши жок,саларга кушу жок отуруп,келген-кеткенди эрмектейт.Бир күнү кудайы конокмун деп думана келет Аны байдын жигиттери байдын өргөсүнө киргизишет.Бай аны коноктоп,эртеси узатып чыгат да,көчүккө бир тээп,итке айдактатып,кубалап жиберет.Жигиттери каткырып,күлүп,шылдыңдап кала беришет.Бир-эки күндөн кийин дагы бир думана келет.Аны да коноктоп,эртеси аны да көчүккө бир тээп,иттерине кубалатат.Жигиттерге табылбай эле калды,байкушту ого бетер шылдыңдап,жолго салышат.Күндөрдүн бир күнүндө дагы бир думана жатар конок болот.Аны да өргөгө киргизип,коноктойт.Жигиттер бирин-бири карап, эртеңки ,,узатууну,, элестетип, мыйыгынан жылмайып калышат.Эртеси бай аны да узатып чыгат.Жигитине айтып,ээр токумдуу ат мингизип,чапан,калпак кийгизип ,бай өзү думананы кадыр-барктуу адамдай аттандырат.Жигиттердин башы маң.Байдан сурашат: Байым,үч думананы коноктодуңуз,экөөнү итке талаттыңыз, үчүнчүсүн байбачадай узаттыңыз,мунун сыры эмнеде?
-Үчөөнө бирдей сый көрсөттүм.Алдына ак көрпөң көлдөлөң салдырдым,башына куш жаздык жаздаттым..Биринчи келген экөө,жок,булгап коём, кийизге эле отурам,жаздыктын кереги жок,чыканактап эле отурам дешти.Үчүнчүсү болсо көлдөлөңгө өтүп,куш жаздыкты таянып жатты.Кымыз куйгула десем,эки думана ,,жок байым,айран болсо деле болот,,деп, кымыздан өз эрки менен баш тартып,айранга нан чылап жешти.Астыга эт келгенде чоң устуканды ага тартып,өзүмө кичирээк устукан алдым эле,эки думана мага кошомат кылып,улуу жиликти мага кайра берип, өздөрү кичи жиликти алышты.А бул үчүнчү думана унчукпай сунган кымызды да ичти,улуу жиликти да өзү жеди.Сүйлөгон сөзү да орундуу,мени менен теңата отурду.Тиги экөө мага кошомат кылып,алар эмес,мен конок болгондой мамиле кылышты.Мен бул думананы сыйлаган себебим,бул адам сый көтөрүмдүү,орундуу адам экен,кыргызда конок койдон жоош дейт,желпилдеп,жеңил болбой,көрсөтүлүп жаткан сыйга да кабелтең,салмактуу мамиле кылуу керек дептир.Канча жеңил баа боло берсең,өз бааңды өзүң түшүрөсүң,көрсөтүлчү сый да жеңил-желпи болот.Буга боло берет деп калышат.
Ошондуктан,кай жерде болсо да,кандай сый көрсөтүп жатса да ,,ай, болот мобул эле,салбай эле койчу алдагы сый төшөгүңдү,, дебей,сыр билдирбей сый көрүп жүрөлү.#сабак

Сыйды да көтөрө билели. - 973590631765

Комментарии 12

Назгул Мамбетова
Назгул Мамбетова
❤️
24 апр 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ююю юююю
    Эн сонун мен озумду ушундай сыйлаймын
    24 апр 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Арген Сакыев
    ответил ююю
    Акылыныз булактын суусундай тунук.
    24 апр 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    FORGETANDRECALL 💔💔💔
    FORGETANDRECALL 💔💔💔
    ❤️
    24 апр 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Москва Нннннннн
    Фото
    24 апр 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Насиба Садыкова
    Туура еле айтылыптыр
    24 апр 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Chika Turdahunоva
    Chika Turdahunоva
    Ата,энем, бир акем,бир иним отуп кеткен,жайы жаннатта болсун! Калган бир туугандарым бар экенине АЛЛАХЫМА МИР МЕРТЕБЕ ШУГУР🤲🤲🤲
    24 апр 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    НЕ ВАЖНО НЕ  ВАЖНО   ЗАМУЖЕМ
    НЕ ВАЖНО НЕ ВАЖНО ЗАМУЖЕМ
    Мага жазылгандайле болуптур менда жон эле кой , дей берип.........
    25 апр 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гуля Айдаралиева
    Озубузду биринчи орунга коюп жашаш кк экен
    25 апр 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Альбин ⚔️🛡🩺
    Альбин ⚔️🛡🩺
    Ата Энем бир туугандарым баарына Кудайыма шугур деймин
    1 мая 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Анарбай Мукешов
    Анарбай Мукешов
    Демек бул Бай кадимки Кыргыз жомокторундагы "сасык" байлардан эмес, Адамдын кадырын билген Бай экен!
    3 мая 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    НЕ ВАЖНО НЕ  ВАЖНО   ЗАМУЖЕМ
    НЕ ВАЖНО НЕ ВАЖНО ЗАМУЖЕМ
    ответил 🌛Луне👸
    Жоок мен уйроно албай эле койдум анкоо Адам анкоо бойдон эле калат экен😃😃
    7 мая 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 28 108Фото 23 280Видео 1 633Участники 40 904
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 28 108
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться