Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

25 июл 2022

Кудайга бир аял келет.

Жонундагы бир кап самандан бели бүкүрөйүп калган.
— Чарчадыңбы, пендем? – деп сурайт Кудай. – Кел, жонуңдагы капты алып салып, бир аз отуруп, эс ал.
— Өхххий, рахмат, бирок мен бир азга эле – дейт аял. – Бир нерсе сурап эле үйгө кайтам. Мен жокто бир нерсе болуп кетсе, өмүр бою өзүмдү кечирбейм!
— Эмнени кечирбейсиң? – деп сурайт Кудай.
— Балам менен бир нерсе болсочу - деп жооп берет аял. – Ошону үчүн келдим да сага - Кудай, баламды жаман нерселерден сактай көр!
— Сактап эле жатам го – дейт Кудай. – Же менден күмөн санап жатасыңбы?
— Жок, дегинкисин айтам да… Жашоодо ар кандай коркунучтар, буйткалар, азгырыктар көп эмеспи?... Балам баарын байкап көргүсү келет. Бир жерден тайып кетип, бир жерин оорутуп алабы деп корком да…
— Эми жыгылса, жыгылат да, кийинки жолу этият болот. Жашоодон ошентип сабак алып, "бышат". Эмне үчүн балаңа жолтоо болуп жатасың?
— Баламдын эч жери оорубасын дейм! Көрдүңбү, дароо астына сала коёюн деп бир саман капты көтөрүп жүрөм.
— Ии, анан? Мейли эми, айтканыңды кылайын. Кел, кабыңды жеңилдетип, балаңдын төрт тарабына тең саман төшөп берейин.
⠀
Ошентип Кудай аялдын баласын жашоодогу азгырыктардан, коркунучтардан тосуп, төрт тарабына тең саманды үймөктөп курчап салат. Бала чабалактап саманды жиреп өтөйүн дейт, өтө албайт... Акыры айласы кеткенде, колуна ширеңкени алып, саманды күйгүзүп жиберет. Алоологон жалынды көргөн аял:
— Кокуй, балам! Мен баратам! – деп безилдеп чуркап жөнөйт.
— Отко дагы саман таштайсыңбы?! – деп сурайт Кудай.
⠀
Ата-эне баласынын төрт тарабын саман менен калыңдап, канчалык курчаган сайын, бала ошончолук саманды жиреп чыккысы келет. Чыга албай айласы кеткенде, алоологон отко өзү түшөт. Баланын бир жери оорумайынча, ал эч нерсени түшүнбөйт. Жонуңда көтөрүп жүргөн бир кап саманың - башыңа үйүп алган көйгөйлөрүң менен корккон нерселериң. Чындап келсе, балаңа жардам бербей эле, канатын кайрып жатасың!
⠀
Балаңа кам көр, бирок анын жаза басып, жыгылып, бир жерин оорутуп, жашоодон сабак алганына жолтоо болбо! Мага да жолтоо болбо! Балаңды кантип эле таштап салайын?! Такай көз сала жүрөм, бирок өзүм туура көргөндөй. Жөн гана мага ишен да, балаңдын жолун торобо!

Кудайга бир аял келет. - 940766627157

Комментарии 11

gyl 💞💞💞
gyl 💞💞💞
Ширин кыздар Насип кылсынчы Аллах бизге 🤲
25 июл 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Үсөн ЗАИРБЕКОВ
    Үсөн ЗАИРБЕКОВ
    😃
    26 июл 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Үсөн ЗАИРБЕКОВ
    Үсөн ЗАИРБЕКОВ
    😃
    26 июл 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Аэлита🖤 Тургунбаева
    Аэлита🖤 Тургунбаева
    😍
    27 июл 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айдай Айтиева
    😳
    27 июл 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айдай Айтиева
    😃
    27 июл 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айдай Айтиева
    😍
    27 июл 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айдай Айтиева
    Ширин кыздар Насип кылсынчы Аллах бизне
    27 июл 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ТАХМИНА ЭШЕНКУЛОВА (Замужем)
    ТАХМИНА ЭШЕНКУЛОВА (Замужем)
    🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲
    28 июл 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Бактылуу Айым
    Бактылуу Айым
    Эненин коону балада, баланын коону талаада
    27 июн 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Инна Марлен
    Инна Марлен
    Сен баланды дейсин, Балан баласын дейт. Жашоо ошо😍
    7 июл 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 28 085Фото 23 256Видео 1 633Участники 40 878
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 28 085
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться