Предыдущая публикация
Бакиев Курманбек Салиевичти колдоочулар тайпасы

Бакиев Курманбек Салиевичти колдоочулар тайпасы

12 ноя 2024
Askat Teyit

Askat Teyit

Күчтүүнү буттан чалган жаман кесел

Айыкпай, күчөп келет андан бетер
"Акыйкат" деген сөздү унутканбыз
Ошон үчүн өнүкпөй өлкө бечел
Союздан карызы жок чыгып бүтүн
Акаев аткарбады эл үмүтүн
Талкалап, талап-тоноп, баарын сатып
Бузганга жумшап жатты болгон күчүн
Майрамы кадр жагын бийлеп калды
Өлкөнү: түндүк, түштүк бөлүп-жарды
Уйкучу Бермет кызы аз келгенсип
Наркоман уулу дагы мандат алды
Талкалап Ала Тоону кыйратышты
Кум Төрдү Канадага ыйгарышты
Каратып жараткандын чак түшүндө
Алтындан уурдап сыртка чыгарышты
"Журт башчы" деген атын түк унутуп
Үйүндө жатчу дешет: вино жутуп
Өлкөнү өчү бардай талкалады
Кирпичин, ташын койбой тып курутуп
Коррупция, уурулук, баскынчылык
Туш тарап ойрон болду тарпы чыгып
Жардылар жакшы эле кыйналышты
Жакадан жарга такап ачарчылык
Душмандар өлкөбүзгө башын тыгып
Басынты кыргыздарды байкуш кылып
Ары жок кыргыз болдук ошол кезде
Ажобуз абройсуз начар чыгып
Он беш жыл-бир кылымга татып кетти
Жардылык жандарына батып кетти
Бүлөсүн бага албай байкуш кыргыз
Чет жакка дубанадай тентип кетти
Сазга батып калган кезде чыкпай турган
Кудайдын кыргыздарга боору ооруган
Адашкан жолун таап алышсын деп
Бактыбызга Бакиевди жолуктурган
Лидерлик касиети Бакиевдин
Жан берди үмүтүнө жалпы элдин
Жакшылык журт атасын коштоп келип
Жылытты нурга бөлөп кыргыз жерин
Туурабай, кайталабай башкаларды
Өлкөнү өз алдынча башкара алды
Кашайып, карып болгон кайран элдин
Бир жылда өзгөрүлдү жашоо шарты
Китептер: жаңы, бүтүн, жыртыгы жок
Айтканга өзүнчө эле укмуш жомок
Балдарга жол ачылып келечекке
Ата-эне эртеңкиден көңүлү ток
Өндүрүш адамы экен өтө мыкты
Бакиев эл башкарды, элди укту
Жоголуп кетишине жол койбостон
Өлкөнү кайра баштан түптөп чыкты
ГЭС курду Кытай жактан карыз албай
Какшатып калк башына налог салбай
Өлкөнүн төрт бурчуна тең карады
Кыргызды түндүк, түштүк бөлүп-жарбай
Душмандар бут тосушту, карабады
Элинен бар билимин аябады
А бирок Бакиевдин эмгектерин
Эл бузар топ шакалдар баалабады
Калк менен бирге сыздап кабыргасы
Кырсык болгон жерлерге өзү барды
Ыдырап кеткен элдин ынтымагын
Бир багыт, бирдей максат жолго салды
Жөнөкөй адам экен салтты билген
Жаштарга насаат болуп, үлгү жүргөн
Кана эми жашоодо көп жаралсачы
Бакиевдей инсандар ар бир үйдөн
Канчалык иштебесин жанын үйрөп
Кыйраган шал өлкөнү өргө сүйрөп
Шакалдар арам ишин токтотподу
Лидерге бут тосушуп, каршы сүйлөп
Өзүндөй таза ойлоп элдин баарын
Назарга илбей коюп иштин жайын
Ошентип калып кетти талоосунда
Топтолгон он төрт канкор шакалдардын
Жүрсө да шакалдардын арасында
Жамандык ой келбеди санаасына
Байкабай кара басып калып кетти
Кур доомат, жалгандардын жалаасына
Күчтүүнү кор кылгандар кордо калат
Чындык иш чырдап жүрүп ордун табат
Бакиевдей журт атасы келечекте
Кыргыздын тарыхынан орун алат
Акаевди аппак дешип кечиргендер
Алкашбекти ардактап кетиргендер
Адашып ак-каранын баркын билбей
Акыйкатсыз дүйнөгө бекингендер
Амалга минип өтөм дебегиле
Акыретте мезгил келет жооп берер
Борукулов Шамурза. 2024ж.

Күчтүүнү буттан чалган жаман кесел - 992473038609
Күчтүүнү буттан чалган жаман кесел - 992473038609
12 комментариев
2 раза поделились
92 класса

Комментарии 1

ээ туура өтө сонун мага жакты рахмат өнөрүң өркүндөсүн дап даана чындык ооа чындык мен кошулам чындыкты билбей көрбөй көздөрү бүтүп калган элдин дагы көзү ачылсакен ай армааан бакиевди ккайра бизге берсекен кудай
13 ноя 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Лучшие рецепты для мангала
    Ищите вдохновение в новом разделе
    Смотреть
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакиев Курманбек Салиевичти колдоочулар тайпасы

    Бакиев Курманбек Салиевичти колдоочулар тайпасы

    ЛентаТемы 456Фото 380Видео 16Участники 12 386
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 456
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться